Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын элчиси менен Пакистандын ТИМинин өкүлү өкмөттөр аралык комиссияга даярдыктарды талкуулашты

Кечээ, 29-апрелде Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Авазбек Атаханов Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин Протокол директору Типу Усман менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу Исламабадда 12-13-майга белгиленген соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын (ӨКК) 5-жыйынына даярдык көрүүнүн алкагында өттү.

Тараптар ЭПКнын алдыдагы отурумуна уюштуруу жана протоколдук даярдоо маселелерин талкуулашты. Элчи пакистандык тарапка Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов башында турган кыргыз делегациясынын пландалган курамы жана иш сапарынын программасы тууралуу маалымат берди.

Кыргызстандын элчиси соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын алдыдагы 5-жыйыны соода-экономикалык жана транспорттук-логистика чөйрөлөрүндө эки тараптуу кызматташууну диверсификациялоого түрткү берет деп эсептейт.

Exit mobile version