Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын элчиси Москванын аэропортторунда жарандардын өткөрүү шарттарын көрдү

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Москванын “Шереметьево” жана “Домодедово” эл аралык аэропортторуна барды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Иш сапар кошумча текшерүү процедураларынан өтүп жаткан Кыргызстандын жарандарына, ошондой эле Россияга кирүүгө тыюу салынгандыктан чыгып кетүүсүн күтүп жаткан жарандарга арналган жайларды текшерүү максатында уюштурулган.

Элчи аэропорттун жетекчилигине жана Орусиянын компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнө Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке мүчөлүгүн кошумча текшерүүлөрдү жүргүзүүдө жана чек арага кирүү боюнча чечим кабыл алууда эске алуу өтүнүчү менен кайрылды.

Ал ошондой эле авиакомпаниялардын Орусияга кирүүсүнө тыюу салынган жарандарды тез арада жөнөтүү боюнча өз милдеттерин тез аткаруу зарылдыгын белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version