Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын Футбол федерациясы 28 миң доллар айып пул төлөшү мүмкүн

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Кыргызстандын Футбол федерациясына айып пул салышы мүмкүн. Бул тууралуу федерациянын вице-президенти Дастан Конокбаев билдиргенин Sport.akipress жазып чыкты. 

Маалым болгондой, Кыргызстан менен Мьянманын курамаларынын беттешинде оюн талаасына эки күйөрман чуркканы үчүн комиссарлар рапорт жөнөтүшкөн.

Кечээ, 10-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан  менен Мьянманын футболчулары беттешип, кыргызстандыктар 7:0 эсебинде жеңишке жетти.

Белгилей кетсек, 2015-жылы Кыргызстан менен Австралиянын курамасынын беттешинде күйөрман оюн талаасына чуркап чыкканы үчүн Кыргызстандын Футбол федерациясы ФИФАга 28 миң доллар айып пул төлөгөн.

Exit mobile version