Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын футболчулары өз үйүндө Малайзияны жеңе алган жок

Бишкекте өткөн Кыргызстан менен Малайзиянын футбол курамаларынын оюну 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Беттеш дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандап алуу айлампасынын алкагында өттү.

Оюндун 24-мүнөтүндө Гүлжигит Алыкулов гол киргизип, «ак шумкарлар» алдыга чыкты. Бирок 39-мүнөттө кыргызстандык футболчулар өз дарбазасына гол киргизип алды: малайзиялык оюнчу стандарттык абалдан көтөргөн топ Валерий Кичиндин башына тийип, Кыргызстандын дарбазасына кирип кетти. Эсеп 1:1 болду. Ошону менен беттеш бүткөнгө чейин эсеп өзгөрбөстөн, оюн тең чыгуу менен аяктады.

Бул беттештин жыйынтыгы менен Кыргызстандын эсебинде 10 упай болуп, өзүнүн D тайпасында экинчи орунга жайгашты. Малайзияда 7 упай бар (тайпада үчүнчү орунда турат).

Ушул эле тайпадагы башка беттеште Кытайлык Тайбэйди уткан Оман 12 упайы менен алдыда келе жатат. Кытайлык Тайбэйде бир да упай жок.

Эми Кыргызстандын курамасы 11-июнда Оман менен беттеш өткөрөт. Келерки оюнда Кыргызстандын дүйнө чемпионатынын тандоо айлампасынын кийин баскычына жана Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө чыгар-чыкпасы аныкталат.

 

Exit mobile version