Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын грек-рим балбандары дүйнө чемпионатына катышат

Күрөштүн олимпиадалык эмес салмактары боюнча Албанияда өтө турган дүйнө чемпионатына грек-рим күрөшүнөн 4 кыргызстандык балбан барат. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш олимпиадалык эмес салмактар (грек-рим күрөшүндө: 55, 63, 72,79 жана 82 кг) боюнча өтөт. Ага Кыргызстандан Улан Муратбек уулу (55 кг), Дастан Кадыров, Ийгилик Сатымкул уулу (72 кг) жана Азат Салидинов (82 кг) катышат.

Дүйнө биринчилиги 28-31-октябрда өтөт.

Белгилей кетсек, адатта Олимпиада өткөн жылы дүйнө биринчилиги уюштурулчу эмес. 2021-жылы гана Олимпиада бир жылга кеч өткөрүлгөндүктөн, ошол жылы күрөш боюнча дүйнө чемпионаты да болгон.

Бирок Дүйнөлүк күрөш уюму быйыл Олимпиада болгонуна карабай, дүйнө биринчилигин өткөрүүнү чечкен. Бирок мелдештер олимпиадалык эмес салмактар боюнча өтөт.

Exit mobile version