Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын ИДПсы жарым жылда 228 млрд сомду түздү

Үстүбүздөгү жылдын алты айында Кыргызстандын Ички дүң продукциясынын көлөмү 228 млрд сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда брифинде экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.

“Алты айдын эсеби менен Ички дүң продукциянын көлөмү 5,3%га кыскарып, 228 млрд сомду түздү. Өлкөбүздүн экономикасынын өсүшү 94,7%ды түздү. Мында өнөр жайыбыз нейтралдуулукту сактап, 0,1% гана өстү. Ал эми айыл чарба сектору 1,6%га өсүшүн көрсөттү. Эң чоң төмөндөө курулуш тармагында (10%) жана кызмат көрсөтүү тармагында (9,2%) байкалды”, — деп маалымдады экономика министри.

Анын айтымында, эл аралык уюмдардын баалоосу боюнча экономиканын өнүгүшү 3-10%га чейин кыскарары белгиленген. Ал эми Дүйнөлүк Соода Уюму товар алмашуу дүйнөдө 30%га чейин кыскарат деген божомол чыгарган.

Exit mobile version