Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын кайсы облусунда жумушсуздар көп?

Кыргызстанда ушул жылдын 1-августуна карата 76 миң 15 адам расмий түрдө жумушсуз деп катталган. Мындай маалыматты Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, 1-августка карата Талас облусунда 3320, Чүй облусунда 5345 адам, Ысык-Көлдө  4272, Нарын облусунда 2799 адам жумушсуз деп катталган.

Ал эми  жумушсуздардын көбү Жалал-Абад (20 миң 280 адам) жана Ош (17 миң 332 адам) облустарында деп табылган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version