Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын кайсы облусунда жумушсуздар көп?

Кыргызстанда 2022-жылдын биринчи кварталында жумушсуздуктун саны экономикалык активдүү калктын 2,9 пайызын түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматында айтылат.

Маалыматка караганда, расмий жумушсуздуктун жогорку деңгээли Баткен облусунда катталып, жалпы 5,5 пайызды түзгөн. Ал эми Жалал-Абад облусунда жумушсуздук 5 пайыз болсо, жумушсуздуктун төмөн деңгээли Бишкек шаарында катталып, ал 1,3 пайызды түзгөн. Чүй облусунда жумушсуздуктун саны 1,5 пайыз болгон.

Ал эми 2021-жылы жумузсуздук сатусуна расмий ээ болгон жарандардын саны 0,9 пайызга кыскарып, жалпы 76 миң адамды түзгөн. Быйыл каттоого алынган жумушсуздардын саны 0,6%га өсүп, жалпы 99,3 миң адамды түздү.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version