Кыргызстандын калкы орусиялык вакцина менен эмдөөдөн өтөт, — Президент

Кыргызстандын калкы орусиялык вакцина менен эмдөөдөн өтөт, — Президент

Кыргызстандын эли орусияда өндүрүлгөн каражаттар менен эмдөөдөн өткөнгө даярданууда. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров РИА Новости басылмасына маек берип жатып айткан.

“Калкты коронавирус инфекцииясына каршы эмдөөдө жана жайылуусуна бөгөт коюда Орусияда өндүрүлгөн каражаттарды колдонуу менен кызматташуу өсүүдө”, — деген Жапаров.

Ал ошондой эле, орусиялык вакциналар Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан атайын керектелүүчү, каттоосу жок өлкө аймагына кире турган дарылардын тизмегине киргенин айткан.

“Вакциналарды складдар кабыл алууга даяр, бара турган вакциналарды бөлүштүрүү алгоритми иштелип чыккан. COVID-19га каршы вакцинаны колдонуу жана сактоо боюнча дарыгерлерди даярдоо иштери башталган”, — деген президент.

Мамлекет башчынын айтымында, эмдөө үч этап менен өтөт. Биринчи кезекте медицина кызматкерлери жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин кызматкерлери, ооруну жуктуруу тобокелчилиги жогоруу болгон кызматтарда иштегендер жана өнөкөт оорулары барлар, коомдун аярлуу катмарындагылар жана өз ыктыяры менен келген калоочуларга вакцина сайылат.

“Биз кичинекей мамлекетпиз, андыктан оорунун терс таасири бизге катуу тийет. Андыктан эмдөөдөн өткөрүү мекендештердин амандыгын сактоого, өлкөбүздү чектөөлөрү жок, жакшы жашоого тезинен кайтаруу үчүн керек”, — деген Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, Орусияда өндүрүлгөн “Спутник V” вакцинасы Кыргызстанда расмий каттодон өткөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>