Кыргызстандын карызы бир жылда 380 млн долларга көбөйдү

Кыргызстандын карызы бир жылда 380 млн долларга көбөйдү

2020-жылдын 30-ноябрына карата өлкөнүн тышкы карызы 4 млрд 887 млн 46 миң долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул сумманын 86,3% же 4 млрд 218 млн 38 миң доллары тышкы, 13,7% же 669 млн доллары ички карыз болуп эсептелет. Кыргызстан баарынан көп Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына карыз – 1 млрд 782 млн 37 миң доллар. Эл аралык өнүгүү ассоциациясына 671 млн доллар, Азия өнүгүү банкына 600 млн доллар бересе.

Былтыр, 2019-жылы 30-ноябрда мамлекеттик карыз 4 млрд 503 млн 48 миң долларды түзгөн. Бир жылда бул сумма 383 млн 980 миң долларга көбөйдү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>