Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын курамасы ФИФАнын рейтингинде 97-орунда калды

Кыргызстандын футбол курама командасы ФИФАнын жаңыланган рейтингинде 97-орунду ээлеп, мурдагы ордун сактап калды. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмесинен билдиришти.

Рейтингге жалпы 208 курама команда кирген. Анын сап башында Аргентина, Франция, Бразилия турат.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан келерки жылы Катарда өтө турган Азия кубогунда ойнойт. Аталган мелдеште Кыргызстан Сауд Арабия, Оман жана Таиланд менен «F» тайпасына жайгашкан. Бул тайпада «ак шумкарлар» рейтингге ылайык, үчүнчү күчтүү команда болуп саналат:

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version