Париждеги XXXIII жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын курама командасы өз оюнун жыйынтыктады. Бул оюндар Кыргызстан үчүн медалдардын саны боюнча эң ийгиликтүү болуп калды.
Кыргызстандан жалпы 16 спортчу катышып, алар 6 медалга ээ болушту.
Күмүш медаль — Мээрим Жуманазарова (эркин күрөш) , Мунарбек Сейитбек уулу (бокс).
Коло медаль — Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков (грек-рим күрөшү), Айсулуу Тыныбекова (эркин күрөш).
Кыргызстандын курама командасы Париждеги Олимпиада оюндарын медалдардын саны боюнча 68-орун менен аяктады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз