Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын күрөш боюнча жаштар курамасы эл аралык мелдеште 3 алтын жеңишти

Кыргызстандын спорттук күрөш боюнча жаштар (U-20) курама командасы «Victory Cup 2025» эл аралык мелдешинде байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Мелдеш күрөштүн грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү түрлөрү боюнча Түркияда өткөн. Анда кыргызстандык балбандар 3 алтын, 5 күмүш жана 9 коло жеңиш келишти.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

61 кг Аскат Токтоматов;
57 кг Азим Абдыкалыков;
61 кг Курстанбек Исаков;
65 кг Өскөнбай Абдысаматов;
61 кг Данил Абдыкадыров;
74 кг Илим Жумабеков;
86 кг Элнур Акыбаев;

92 кг Яков Чаплин.

  • Грек-рим күрөшү:
60 кг Кубаныч Арынов;
67 кг Жантөрө Мырзалиев;
72 кг Кутман Темирбеков;

130 кг Таласбек Бообеков;

  • Кыздар-келиндер күрөшү боюнча:
57 кг Акылай Сатыбаева;
68 кг Гулнура Таштанбекова;
65 кг Асел Жапарова;
55 кг Азиза Шүкүрова;
59 кг Айдай Нурдинова;
76 кг Айжаркын Жаныбекова.
Exit mobile version