Site icon Reporter.kg

Иминов: Тарых жазган балбандарды татыктуу тосуп алалы – видео

Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов кыргызстандыктарды дүйнө чемпионатында алтын байге уткан Акжол Махмудов баштаган спортчуларды «Манас» аэропортунан тосуп алууга чакырды.

«15-сентябрда грек-рим күрөшү боюнча курама команда Кыргызстанда кайтып келет. Келгиле, кыргыз спортунун тарыхын жазган азаматтарыбызды «Манас» аэропортунан бирге тосуп алалы. Жигиттер үчүн элдин колдоосу абдан маанилүү. Жеңиш менен кайткан балбандарды татыктуу тосуп алалы»,  — деди ал.

Сербияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда Акжол Махмудов алтын, Амантур Исмаилов коло байгени камсыздады. Андан тышкары 13-сентябрда Жоламан Шаршенбеков (60 кг) алтын үчүн күрөшөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version