Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын Кытайга болгон карызы бир айда 4 млрд сомго көбөйдү

Кытайдын экспорттук-импорттук банкына болгон Кыргызстандын мамлекеттик карызы 134 миллиард 889,44 миллион сомду түзөт. Бул туруалуу Финансы министрлиги билдирди.

Май айынын аягында Кытайга болгон карыздын көлөмү 130 миллиард 867,32 миллион сомдун тегерегинде болгон. Июнь айынын соңунда карыздын көлөмү 4 миллиард 22 миллион 120 миң сомго көбөйгөн.

Кыргызстан июль айында Кытай мамлекети менен 2020-жылдагы карыздын төлөмдөрүн токтотуп туруу боюнча макулдашкан.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын тышкы карызы 4,6 миллиард доллар, анын 43,2 пайызы Кытайга туура келет.

Exit mobile version