Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 453,86 млн. АКШ долларын түзөт

Жыл башынан бери мамлекеттик карызды төлөөгө 12 млрд. 684,5 млн. сом багытталган. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Борбордук казыначылыктын директору Марлен Амандыков журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп жатып билдирди.

Ал  2019-жылдын 31-майына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 453,86 млн. АКШ долларын түзгөнүн айтты.

«Тышкы карыз 84,9% (3 млрд. 783,0 млн. доллар), ички карыз -15,1% (670,9 млн. доллар) түзөт», — деп маалымат берди.

Exit mobile version