Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 280,54 млн долларды түздү

2023-жылдын 31-декабрына карата Кыргызтандын мамлекеттик карызы 6 млрд 280,54 млн долларды түздү. Улутук валютага которгондо ал 559 млрд 503,58 млн сомго жетет.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, аталган бересенин 4 млрд 652,73 млн доллары тышкы карыз, ал эми 1 млрд 627,80 млн доллары ички карыз болуп саналат.

2023-жылдын 31-октябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 59 млн долларды түзгөн.

Exit mobile version