Кыргызстандын мамлекеттик карызы (ички жана тышкы бересе) 31-сентябрга карата 6 млрд 617 млн долларды же 557 млрд 151 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин документтеринде айтылат.
Анын ичинен ички карыз 2 млрд 54,66 млн долларды (173 млрд 2,19 млн сом), тышкы карыз 4 млрд 562,34 млн долларды (384 млрд 148,86 млн сомду) түзөт.