Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын мамлекеттик карызы канчага жеткени айтылды

Быйылкы жылдын 31-августуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы (ички жана тышкы карыз) 5 млрд 219 млн долларды түздү (421 млрд 218 млн сом). Бул тууралуу маалымат жыйында финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик карыздын 80%ы тышкы карыз, 20%ы ички карыз болуп саналат.

«Быйыл январь-сентябрь айларында мамлекеттик карызды төлөөгө 24 млрд 706 млн сом жумшалды. Анын ичинен тышкы карызга 16 млрд 292 млн сом жана ички карызга 8 млрд 400 млн сом сарпталды», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version