Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматына эки адам талапкерлигин көрсөтүп жатканы айтылууда. Бул тууралуу Reporter.kg`ге өздүк булактар кабарлады.
Маалым болгондой, талапкерлердин бири экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан алган Орусиядагы мурдагы элчи Аликбек Жекшенкулов. Экинчи талапкер Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата-Журт” фракциясынан депутат Умбеталы Кыдыралиев.
Белгилей кетсек Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкуловдун кызматтан алынгандыгы 16-октябрда “Эркин Тоо” гезитине жарыяланган. Жекшенкулов өзү дагы кызматтан алынганы тууралуу маалыматты ЖАМлардан уккан.