Кыргызстандын пара армрестлинг боюнча курамасы Өзбекстанда өткөн Дүйнө кубогунда 22 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Медалдардын 11и алтын, жетөө күмүш, төртөө коло. Мелдеш 31-январдан 3-февралга чейин болуп өткөн. Ага 21 өлкөдөн 1000 ден ашык спортчу катышкан.
Жеңүүчүлөрдүн жана байге ээлеринин тизмеси:
- 70 кг Медер Тыныстанов (1 алтын);
- 65 кг Билал Калыков (1 алтын, 1 коло);
- 60 кг Каныкей Төрөкулова (1 алтын, 1 күмүш);
- 65 кг Света Эсенказиева (эки алтын);
- 95 кг Андрей Левченко (эки алтын);
- 65 кг Айгүл Мутапилова (4 алтын);
- Адиль Абдыкеримов (1 күмүш);
- 65 кг Үсөн Мамазакиров (1 күмүш, 1 коло);
- 54 кг Бексултан Турдиев (2 күмүш);
- 46 кг Айпери Азаматова (2 күмүш);
- 85 кг Чолпонай Жаркулов (1 күмүш);
- Мухаммед Сатымкулов (2 коло).
Курама команда мелдешке башкы машыктыруучу Толкунбек Исаков жана машыктыруучу Манура Бейшеналиеванын жетекчилиги алдында катышты.