Кыргызстандын пенчак силат боюнча курама командасы дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш Абу-Дабиде 16-23-декабрь күндөрү өтөт. Ага Кыргызстандан 4 спортчу барат.
Курама командасынын тизмеси:
— 65 кг Биназара Мустафокулова;
— 70 кг Мухаммедшах Мустафакулова;
— 75 кг Эржан Бексултанов;
— 80 кг Алмазбек Замиров.
Курама команда мелдешке башкы машыктыруучу Алмаз Бикбоевдин жетекчилиги алдында катышат.