Президентинин администрациясы түзүлүп, аны Сүйүнбек Касмамбетов жетектемей болду

Президентинин администрациясы түзүлүп, аны Сүйүнбек Касмамбетов жетектемей болду

Кыргызстандын президентинин администрациясы түзүлдү. Мындай билдирүүнү мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, президент менен өкмөттүн мурунку аппараттарынын базасында Кыргызстан президентинин администрациясы түзүлдү.

Ошондой эле мамлекет башчысынын жарлыктары менен:

— Сүйүнбек Касмамбетов президенттин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

— Медербек Сатыев президентинин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

— Бектур Зулпиев президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

— Жеңишбек Асанкулов президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>