Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын түштүгүндө жер силкинди

5-январь күнү саат 15:59да Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 3,5 балл, Кашка-Суу, Жайылма айылдарында 3 балл, Кара-Кабак айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Exit mobile version