Site icon Reporter.kg

Таяк тартыш боюнча улуттук команда АКШдагы мелдеште 4 алтын утту

Кыргызстандын таяк тартыш (мас-рестлинг) боюнча улуттук курама командасы АКШда өткөн эл аралык «Arnold Classic» турниринде 4 алтын, 2 күмүш жана 1 коло байгеге ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Атайбек уулу Келдибек, Мухаммед Али Тохтоматов, Элза Абдикадирова, Азамат Асанов 1-орунду жеңип «алтын чемпион» курун тагынышты. Ал эми Дилбара Иманканова, Акылбек Урунбаев күмүш, Актан Рахматов коло байгеге ээ болду.

Эл аралык турнир 3-мартта жыйынтыкталат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version