Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Москвадагы кыргыз диаспоралык бирикмелеринин өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев жана Кыргызстандын Россиянын шаарларындагы башкы консулдары катышты.
Жыйындын жүрүшүндө А.Имангазиев Кыргызстандагы социалдык-экономикалык жетишкендиктерге жана жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолду. Өзгөчө көңүл Россиянын миграциялык мыйзамдарындагы инновацияларды, анын ичинде 2025-жылдын 10-сентябрына чейин чет өлкөлүк жарандардын укуктук статусун жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү жана орус мектептерине кабыл алууда орус тилин билүүсүн текшерүү зарылчылыгы тууралуу маалыматты түшүндүрүүгө бурулду.