Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын төрт аскер кызматкери жаракат алып, ооруканага түштү

Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан төрт Кыргызстандын аскер кызматкери жаракат алды. Алар Баткен облустук бириккен ооруканасына Көк-Таш айылынан келип түштү. Бул тууралуу Баткен облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Арзыбек Бөрүбеков билдирди.

Арзыбек Бөрүбековдун маалыматы боюнча жаракат алган аскер кызматкерлери Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эки тез жардам унаасы менен облустук оорукага алып келинди.

Жараттын түрү: сыныктар.

Жабырлануучулардын ден соолугу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет.

 

Exit mobile version