Кыргызстандын альпинисттер командасынын мүчөсү Андрей Ерохин дүйнөдөгү эң таанымал чокулардын бири болгон Ама-Даблам чокусун багындырды. Бул тууралуу ал социалдык баракчасында билдирди.
Аталган чоку Непалдын Хумбу аймагындагы Гималайдын чыгыш бөлүгүндө, Эвересттен 20 чакырым алыстыкта жайгашкан.
«Өлкөбүздүн туусу кайрадан Ама-Даблам чокусунда! Алга, Кыргызстан», — деп жазган ал.
Андрей Ерохин 38 жашта, ал 2004-жылдан бери Тескей Ала-Тоо, Тянь-Шань, Памирдин тоолуу аймактарында альпинисттер жана туристтер менен иштешип келет. Бир нече эл аралык экспедицияларга катышкан. 2011-жылы Кыргызстандагы Жеңиш чокусун багындырган.
Ама-Даблам чокусунун бийиктиги 6814 метрди түзөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз