Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмуна болгон төрагалыгы талкууланды

Кечээ, 12-майда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевдин жолукту. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмуна быйылкы төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттары тууралуу сүйлөшүшкөн. Ошондой эле ТМУ ишмердүүлүгүнүн негизги маселелерин талкуулашкан.

Жолугушууда тараптар Будапешттеги мамлекет башчыларынын Бейформал Саммитинин күн тартибине, ошондой эле ТМУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин отурумуна өзгөчө көңүл бурушкан.

Exit mobile version