Кыргызстандын тышкы карызы качан төмөндөйт? Жооп

Кыргызстандын тышкы карызы качан төмөндөйт? Жооп

Кыргызстандын өкмөтү өлкөнүн тышкы карызы боюнча туура чечимдерди кабыл алууда. Бул тууралуу онлайн-конференцияда Евразия өнүктүрүү жана кайра калыбына келтирүү боюнча банктын башкы экономисти Евгений Винокуров билдирди.

Экономист өлкөнүн карызы – бул олуттуу көйгөй, ошон үчүн өкмөттүн ишине нааразычылыктар бар экенин айтты.

«Өлкөнүн тышкы карызы кийинки жылы дагы өсөт, бирок 2022-жылдан тарта көлөмү кыскара баштайт.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы туруктуу жана ыңгайлуу, тейлөөгө болот. Себеби, бардык карыз тең жеңилдетилген негизде берилген. Кыргызстан карызды коммерциялык банктардан алган эмес. Анын ыңгайлуу төлөө графиги бар. Ири суммага карабастан, анын коркунучу жок. Себеби, бир гана сумманы карабастан, анын төлөө мүмкүнчүлүктөрүн дагы кароо керек», — деп белгиледи эксперт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>