Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын валюта базарында долларга болгон суроо-талап азайып, рубль менен юанга көбөйгөн

Кыргызстандын валюта базарында өзгөрүүлөр байкалууда.  «Акчабар» каржы порталынын маалыматында, акыркы убактарда долларга болгон суроо-талап азайып, тескеринче рубль менен юанга болгон муктаждык жогорулаган.

Маалыматка ылайык, 2024-жылы банктар жана акча алмаштыруу жайлары тарабынан чет элдик валюталар менен жүргүзүлгөн жалпы операциялардын көлөмү (резидент эместер менен болгон соодаларды кошкондо) 30,2%га өсүп, 5,1 трлн сомго жеткен.

Акыркы жылы биринчи жолу рубль менен болгон операциялар доллардыкынан ашкан: рубль — 49,2%, доллар — 46%. Өткөн жылы доллар — 48,6% жана рубль — 48,4% көрсөткүчүндө болгон.

«Айрыкча кытай юаны менен болгон операциялардын өсүшү көңүл бурууга арзыйт. Бул валютанын үлүшү 1,4%дан 3,4%га чейин көбөйгөн. Бул көрүнүш Бишкек менен Бээжиндин ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын күчөшүн жана чек ара аркылуу жүргүзүлүүчү эсептешүүлөрдүн диверсификацияланышын чагылдырат»,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле евро жана казак тенгесине болгон суроо-талап туруктуу бойдон калган же бир аз төмөндөгөн. Евронун үлүшү 1,6%дан 1,3%га, ал эми тенге менен болгон операциялар 0,05%дан 0,03%га чейин кыскарган.

Операциялардын басымдуу бөлүгү — 94,9% — нак акча түрүндө жүргүзүлгөн.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Exit mobile version