Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы CAVA турнирине катышат

Кыргызстандын волейбол боюнча эркектер командасы Борбор Азия волейбол конфедерациясынын (CAVA) Улуттар лигасына катышат. Турнир 29-майдан 4-июнга чейин Фергана шаарында (Өзбекстан) өтөт.

Борбор Азиядагы эң мыкты волейбол командасы наамы үчүн аймактагы эң күчтүү сегиз команда: Иран, Пакистан, Индия, Шри-Ланка, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Кыргызстан ат салышат. Улуттук курама команданын атынан башкы машыктыруучу Андрей Анкудинов жана улук машыктыруучу Бакыт Алиев баштаган 14 оюнчу катышат.

Exit mobile version