Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын жаңы Суу кодекси алты айдан кийин күчүнө кирет

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 27-июнунда жаңыланган Суу кодексин киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Документ расмий жарыяланды жана ал жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөн соң күчүнө кирет.

Жаңы Суу кодекси өлкөнүн суу ресурстарын, суу объекттерин, суу чарба структураларын, ирригациялык фонддордун жерлерин башкаруу, пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндөгү укуктук мамилелерди жөнгө салууга багытталган.

Кодекс күчүнө кирген учурдан тартып мурда колдонулуп келген 19 мыйзам актыларынын күчү жоголот. Алардын катарында 1994-жылы кабыл алынган «Суу жөнүндө» мыйзам жана 2005-жылдагы Суу кодекси да бар.

Жаңыланган кодекс суу ресурстарын рационалдуу пайдаланууга, экологиялык коопсуздукту камсыздоого жана суу тармагындагы башкарууну модернизациялоого шарт түзөт деп күтүлүүдө.

 

Exit mobile version