Кыргызстандын футбол боюнча 20 жашка чейинки (U-20) жаштар курамасы Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтө турган Азия кубогуна катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 12-февралдан 1-мартка чейин өтөт.
Азия биринчилигинин финалдык баскычына 16 команда өтүп, алар 4 тайпага бөлүнгөн. Кыргызстандын жаштар курамасы Кытай, Австралия жана Катар менен «А» тайпасына түшкөн.
Кыргызстандын курамасы биринчи оюнун 12-февралда Австралия, андан соң 15-февралда Кытай жана 18-февралда үчүнчү беттешин Катар менен өткөрөт.
Жобого ылайык, өз тайпасында мыкты болгон эки команда чейрек финалга чыгат.
Белгилей кетсек, Азия Кубогунун жарым финалына чыккан командалар жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Ал 2025-жылдын сентябрь айында Чилиде өтөт.