Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын жаштар курамасы Азия кубогуна өттү

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы (U-20) Азия кубогуна жолдомо алды.

Азия кубогунун тандоо туруна 45 курама катышып, алар 10 тайпага бөлүнүп ойноду. Кыргызстандын курамасы Мьянма, Түркмөнстан жана Япония менен I тайпасына жайгашты. Жобого ылайык өз тайпасында биринчи орунду ээлеген командалар жана экинчи орунду ээлеген 5 мыкты курама Азия кубогуна жолдомо алмак.

Кыргызстандын оюнчулары Мьянма менен Түркмөнстанды жеңип, Япония менен тең чыгып, 7 упайга ээ болду. Натыйжада экинчи орунду алган  мыкты команданын катарында Азия кубогуна өттү.

Exit mobile version