Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын ЖОЖдору абитуриенттерди онлайн кабыл алууну баштады

Кыргызстанда бүгүн, 20-июлда жогорку окуу жайларга онлайн кабыл алуу башталды. Абитуриенттер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан https://2020.edu.gov.kg/ системасына катталып, каалаган адистик жана окуу жайына тапшыра алат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдирди.

https://2020.edu.gov.kg/ системасына байланыштуу суроолор жаралса, Билим берүү жана илим министрлигинин төмөндөгү ыкчам байланыш номурларына чалып, керектүү маалыматтарды алса болот: 1919; 996 772 608 004; 996 772 667 104; 996 704 925 131; 996 709 652 418.

Ар бир тур аяктагандан кийин абитуриент ушул университетте окууну каалагандыгын ырасташы керек.

Exit mobile version