Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын футбол курамасы «Аль-Наср» клубуна жеңилди

Кыргызстандын футбол курамасы Бириккен Араб Эмираттарындагы (БАЭ) окуу-машыгууларынын алкагында биринчи жолдошттук оюнун өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Аль-Мактум стадионунда өткөн беттеште «ак шумкарлар» БАЭнин «Аль-Наср» футболдук клубуна 0:1 эсебинде жеңилген.

Алдыда, 12-сентябрда Кыргызстан футболчулары Кувейттин курамасы менен беттешет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version