Кыргызстанга Орусиядан 963 кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда штабдан билдиришти.
20 автобус менен биринчи партияда 963 кыргызстандык келди. Ал эми 12 автобус менен 533 адамдан турган колоннанын экинчи партиясы кыргыз-казак чек арасына Казакстандын жол полиция кызматынын коштоосу менен келе жатат.
Тышкы иштер министрлиги орусия-казакстан мамлекеттик чек араларынын ачылышына чейин ал тарапка каттабай турууларын өтүнөт.