Site icon Reporter.kg

Кыргызстанга атомдук электр станция курулмай болду

Кыргызстан менен Орусия өлкөгө атомдук электр станциясын куруу долбоорун иштеп чыгуу боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кол коюлган документ долбоордун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга тиешелүү.

“АЭС куруу боюнча техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыккандан кийин Кыргызстан аны куруунун зарылдыгын карап көрүп, чечим кабыл алат. Кыргыз тарап “Росатом” сунуштаган технологияларды жана алардын коопсуздугун изилдейт. Керектүү көп тараптуу экспертизалар жүргүзүлүүдө. Муну менен катар экологиялык коопсуздук маселеси да каралат”, — деп белгиледи Энергетика министрлиги.

Андан соң бул маселе коомдук талкууга коюлат. Мекеме атомдук электр станциясын куруу боюнча чечим кабыл алууда элдин пикири эске алынарын белгиледи.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Exit mobile version