Site icon Reporter.kg

Кыргызстанга Казакстандан баңгизат ташыган эки жигит кармалды

Кыргызстандын аймагына гашиш баңгизатын жеткирүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин БМЖККК тарабынан Казакстандан Кыргызстанга  өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги каражаттарды сатуу максатында аткезчилик каналын жөндөп алган баңгилик топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

Аламүдүн районунун Ленинское айылында ыкчам-тергөө иш-аракеттерди өткөрүү учурунда салмагы 1 кг 800 граммды түзгөн гашиш баңгизатын сатуу учурунда 2001-жылы туулган Б.К. аттуу Кыргызстандын жараны кармалган.

Андан кийинки иш-чараларды өткөрүү учурунда ыкчам кызматкерлер экинчи шектүү адамды кармашкан. Ал Казакстандын 2000-жылы туулган М.Э. аттуу жараны болуп чыкты. Ал “Субару-Б4” үлгүсүндөгү унаага жашыруун орун жасап Казакстандан Кыргызстандын аймагына көрсөтүлгөн баңги каражаттарды сатуу максатында аткезчилик жолу менен алып келген. Аталган факт боюнча Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү (баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда ИИМдин БМЖКККсы көрсөтүлгөн баңгилик топтун башка мүчөлөрүн жана бул кылмышка тиешелүү жактарды кармаганга тергөө-ыкчам иш-аракеттерин жүргүзүүдө.

Кармалгандар шектүүлөр Бишкек шаарынын тергөө абагына киргизилип, тергөө аракеттери уланууда.

Exit mobile version