Site icon Reporter.kg

Кыргызстанга бир нече мамлекеттин президенттери келет

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун он биринчи саммити өтөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Саммитт 6-ноябрда «Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшү: Экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана жалпы коопсуздук» темасы алкагында өтөт.

Бул иш-чарага уюмга мүчө Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстандын президенттери жана уюмдун байкоочусу болгон өлкөлөрдүн лидерлери келет.

Саммиттин жыйынтыгы менен 2025-жылы Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу Кыргызстанга өтөт.

Exit mobile version