Кыргызстанга эстрадицияланган Дамирбек Асылбек уулу өз мекенинде 10 жыл жаза өтөйт

Кыргызстанга эстрадицияланган Дамирбек Асылбек уулу өз мекенинде 10 жыл жаза өтөйт

Казакстанда аткезчилик үчүн соттолуп Кыргызстанга алынып келинген Жогорку Кеңештин мурдагы Дамирбек Асылбек уулу өз мекенинде 10 жыл жаза өтөйт.

Жогорку Сот Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, экс-депутатка Казакстанда чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырган.

Жогорку Сортун басма сөз кызматы бул чечим 15-ноябрда эле чыкканын белгилеп өттү.

Белгилей кетсек Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга 18-ноябрда алып келингенин ЖАМК билдирген. Учурда ал №1 тергөө абагында.

24-апрелде Алматанын райондор аралык экс-депутат Дамирбек Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмүн чыгарган. Ошондой эле өлкөдөн жаза өтөө мөөнөтү аяктаган соң чыгары тууралуу өкүм чыгарган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>