Site icon Reporter.kg

Кыргызстанга Google салык төлөшү мүмкүн

Кыргызстандын өкмөтү Google компаниясына салык төлөөнү киргизиши мүмкүн.  Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бүгүн, 11-июнда брифингде билдирди.

Анын айтымында, учурда салык төлөтүүнүн жолдору иштелүүдө, сунуштар бар.

«Орусия, Өзбекстан тарабынан Google компаниясына салык киргизилген экен. Биз алардын тажрыйбасын изилдеп, сунуш киргизебиз», —  деген вице-премьер.

Exit mobile version