Site icon Reporter.kg

Кыргызстанга кайсы өлкөлөрдөн туристтер көп келет – статистика

2024-жылы Кыргызстанга келген туристтердин саны 2023-жылга салыштырмалуу 80 миң адамга көбөйгөн. Бул туристтик агымдын өсүшүнөн кабар берет.

Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматы боюнча,  2024-жылы Кыргызстанга 8 млн 625 миң 86 адам келген, бул 2023-жылга салыштырмалуу 80317ге көп.

Эскерте кетсек, 2023-жылы 8 млн 544 миң 769 адамды түзгөн.

 Туристтердин эң көп келиши Өзбекстандан (61,7%), Казакстандан (28,3%) жана Россиядан (5,6%) келгендер.

Жалпысынан бул үч өлкө Кыргызстанга келген чет элдик туристтердин агымынын басымдуу бөлүгү болуп эсептелет.

 Алардан тышкарыКытай, Түркия,Индия, Германия, Пакистан, Түштүк Корея, АКШ, ошондой эле Франция, Улуу Британия, БАЭ, Малайзия, Беларусь жана башка өлкөлөрдөн туристтер келишет.

2024-жылдын июль, август жана сентябрь айларында өлкөгө 2,8 миллиондон ашык адам келген. Экинчи чейректе 2,3 миллион турист келип, эң көп көрсөткүчтү түзгөн. 2024-жылдын биринчи кварталында 1,6 миллионгочейин туристтин агымы байкалды, бул туристтик активдүүлүктүн сезондук өзгөрүүсүнө туура келет.

Туристтик агымдын мындай өсүшү популярдуу туристтик дестинация статусун сактап калган Кыргызстандын туристтик жагымдуулугунун уланып жатканын көрсөтүп турат.

Exit mobile version