Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн Орусиядан кызматкерлер келди

Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн Орусиядан кызматкерлер келди

1-июлда Орусиядан коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн жооптуу кызматкерлерден турган делегация келген. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда өкмөт башчы Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

“Кечээ күнү Орусиядан жооптуу кызматкерлерден турган делегация Кыргызстанга келди. Делегацияны Вячеслав Юрьевич Смоленский – Роспотребнадзордун жетекчисинин орун басары жетектейт.

Биз үчүн бул делегациянын келиши чоң жардам. Себеби коронавирус менен күрөшүүдөгү Орусиянын тажрыйбасы бизге маанилүү. Бул делегация менен коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү кызматташуу маселеси сүйлөшүлөт. Мындан тышкары биздин эпидемиологдор, инфекционисттер, вирусологдор, реаниматологдор сыяктуу адистерибиз бир нече консультациялык жолугушууларды уюштурушат”, — деп белгиледи премьер-министр.

Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата коронавирус 6  миң 261 адамдан аныкталды. Анын  ичинен каза болгондордун саны 66 кишиге жетти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>