ЭВФ коронавирус менен күрөшүүгө деп Кыргызстанга 120$ млн бөлдү

ЭВФ коронавирус менен күрөшүүгө деп Кыргызстанга 120$ млн бөлдү

Эл аралык валюта кору COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү жана бюджеттеги тартыштыкты жою үчүн Кыргызстанга 120,9 миллион доллар бермей болду. Аталган уюмдун Вашингтондогу жетекчилиги 26-мартта ушундай чечим кабыл алды.

Пандемиянын айынан Кыргызстандын макроэкономикасы жана каржы саясаты катуу жабыркап, 400 миллион долларлык чыгымга учуроодо.

Уюмдун башкаруучу директору Кристалина Георгиевна: «COVID-19 пандемиясы кыргыз экономикасына катуу сокку уруп, шашылыш төлөй турган тармактарда акча тартыштыгы келип чыкты. Иштеп жаткан бардык тармактар вирустун айынан токтоп калды. Бул себептен улам Эл аралык валюта кору шашылыш насыя бөлүүнү ишке ашырууда», — деген билдирүү жасады.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус пандемиясынан улам өлкө экономикасына терс таасир тийип жатканын айтып, Эл аралык валюта уюму баштаган бир катар эл аралык институттардан жардам сураган. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин маалыматы боюнча, быйыл өлкө бюджетине 28 миллиард сом түшпөй калуу коркунучу бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>