Site icon Reporter.kg

Кыргызстанга Кытайдын тышкы иштер министри келди

Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Жээнбек Кулубаев иш сапардын жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташуу Торугарт жана Эркеч-Там пункттары аркылуу товарларды өткөрүүгө өзгөчө көңүл буруларын билдирген.

Exit mobile version