Site icon Reporter.kg

Кыргызстанга майда 2 млн 600 миң доза вакцина алып келинет

Кыргызстанга коронавируска каршы май айында 2 миллион 600 миң доза вакцина алып келинет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүу министрлигинен кабарлашты.

Вакцина COVAX программасынын алкагында май айында Улуу Британиянын  AstraZeneca жана Орусиянын Спутник V вакцинасы алып келинет.

Буга чейин Кытайдын Sinopharm вакцинасы келген. Аталган вакцина менен Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган. Кийин Орусиянын Спутник V вакцинасынын 20 миң дозасы алып келинген. Анын 15 миң дозасын сатылып алынса, 5 миңи грант түрүндө келген. Учурда бул вакцина менен 65 жаштан өткөн жарандар жана өнөкөт оорусу барлар эмделүүдө.

Exit mobile version