Site icon Reporter.kg

Кыргызстанга мигранттар июлда 248 млн доллар которушкан

Кыргызстанга мигранттардан июль айында которулган каражаттын суммасы 248 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, каражаттын 98.66% — КМШ өлкөлөрүнөн которулган. Каражаттын басымдуу бөлүгү Орусиядан — 244 млн доллар, калган 500 миң доллар Казакстандан которулган. Ал эми башка өлкөлөрдөн 200 миң доллар мекенге жөнөтүлгөн.

Алыскы чет өлкөдөн мигранттар – 3,3 млн доллар, анын ичинен 2,1  млн доллар — АКШдан которушкан.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айына салыштырмалуу акча которуулар дароо 10,75% төмөндөгөн, өткөн жылдын июль айына салыштырмалуу — 10.36% жогорулаган.

Жыл башынан бери мигранттар мекенине 1 млрд 225,1 млн доллар жөнөтүшкөн.

Exit mobile version