Site icon Reporter.kg

Кыргызстанга мобилдик мультиагностикалык клиникалар келди

Кыргызстанга жети жыл мурда келишим түзүлгөн 5 мобилдик мультиагностикалык клиника келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Фаель Хайыр” программасынын алкагында айыл жерлеринде мобилдик клиникаларды алуу жана иштетүү боюнча кайрымдуулук салымын ишке ашыруу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында Кыргызстанга 5 мобилдик мультиагностикалык клиника келди.

Клиникаларды алууга 2014-жылдын 3-декабрында Сауд Аравия Королдугунун Мекке шаарында кол коюлган.

Мурда жетишилген макулдашууга ылайык, аталган долбоордун башкы аткаруучусу калкты медициналык жардам менен камсыздоо үчүн мобилдүү ооруканаларды жана клиникаларды даярдоо жаатында дүйнөлүк лидерлердин катарына кирген «NORMECA AS» компаниясы болуп саналат.

Аталган клиникалар Түркиянын заводдорунда даярдалып, республиканын алыскы аймактарында медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган.

 

Exit mobile version